1 чакырым ички жол, 2 га огород сел коркунучунан корголот

Сел коркунучу бар кооптуу аймактарда механикалык тазалоо жумуштары облус аймагында кызуу уланууда. Сел жүргөн сайды иретке келтирүү үчүн КР ӨКМнин атайын техникалары тартылган.

Азыркы тапта атайын бөлүнгөн 1 бирдик автожүктөгүч Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак  айылында иштеп жатат. Натыйжада узундугу 900 метр аралыкта сел жүрүүчү сайдын механикалык  тазалоо жумуштары жүргүзүлөт.

Аталган объектте тазалоо жумуштары бүткөрүлсө, айылда 1 чакырым ички чарбалык жол, 1 чакырым ички чарбалык арыктар, 5 турак үй жана 2 га огород сел коркунучунан корголот.