1-Июль – Куткаруучулар күнүнө карата министрликтин алдыңкы кызматкерлери сыйланды

1-ИЮЛЬ – КУТКАРУУЧУЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА МИНИСТРЛИКТИН АЛДЫҢКЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Бүгүн, 2022-жылдын 1-июлу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кесиптик майрамы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнүн 31 жылдык, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн жана Гидрометеорология кызматынын 96 жылдыктарына арналган майрамдык салтанаттуу жыйын “Куткаруучулар” аллеясында болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги алдында өтүп, майрамдык жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, ардагерлери, ардактуу коноктор катышып, куткаруучулардын айкелине гүлчамбар коюшту.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн куттуктоосунда төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: – “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын ичиндеги куткаруучулардын элибиз, мамлекетибиз үчүн кылып жаткан эмгеги зор! Кайсы жерде кандай кырсык болбосун өмүр үчүн күрөшүп келген ак эмгегиңиздердин орду чоң жана анын баасы бийик.
Акыркы 1,5 жыл ичинде Президентибиз Садыр Жапаров башында турган өкмөтүбүз өлкөбүздүн өнүгүүсү, элибиздин бакубат жашоосуна болгон күч-аракеттерди жумшап келе жатабыз. Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки жолу жүздөн ашык техника алынды. Ошондой эле министрликти толук түрдө ар тараптуу колдоого алууга даярбыз. Анткени кырсыкты алдын алууда жана анын кесепеттерин жоюудагы иштерди сиздер гана аткара аласыздар” – деп баса белгилеп, КР Министрлер Кабинетинин алкыш баракчасы жана ардак грамоталарын ийгиликтерди жараткан министрликтин бир катар кызматкерлерине тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министр Бообек Ажикеев майрамдык жыйынды ачып жатып министрликтин ардагерлерин, өздүк курамын кош майрамдары менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду;
«Бүгүн салтанаттуу майрамдардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучулар күнүн белгилеп жатабыз. Бул майрам бардык куткаруучуларга, анын ичинде тоо кен куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчү, суучул жана гидрометеорология кызматына таандык.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жылда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап, ошону менен катар ар кандай өзгөчө кырдаалдардарга өз убагында маани берип, алардын алдын алуу боюнча керектүү иштерди аткарышат. Бул кесип – чоң даярдыкты гана эмес, кесипкөйлүктү, ыкчамдыкты, жеке эрдикти жана туура чечим кабыл алууну талап кылат.
Куткаруучулук – биз үчүн зор сыймык!
Биз ар дайым элибиздин бейпилдиги, коопсуздугу үчүн кызмат кылууга мекен алдында ант бергенбиз. Ар бир куткаруучу ошол антын бекем сактап, элибиздин башына кандай гана кыйынчылык келбесин кол сунуп, көмөктөшүүгө даяр турушат.
Оор кырдаалдарда куткарылган ар бир адамдын өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердей эр жүрөк, мекенчил, өз ата-журтуна берилгендик менен кызмат кылган кесиптештерибиз бар болгондугу үчүн элибизде тынчтык орноп, бейпилдик өкүм сүрүүдө.
Урматтуу кесиптештер, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү ишиңиздерге чоң ийгиликтерди, чың ден соолук, узун өмүр каалоо менен үй-бүлөңүздөр бакубат жашоо тилейм!”, – деп сөзүн аяктады.
Майрамдык иш-чарада мыкты жетишкендиктерди, ийгиликтерди жараткан куткаруучулар министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланып, жыйын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
и ещ ё 37