1-Июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралы

КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ошондой эле Суучулдар кызматынын өздүк курамы тарабынан 2022-жылдын 1-июнунда “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык жашоо деңгээлин жакшыртууга жана стабилдештирүүгө салым кошуу жана колдоо маскатында, Аламүдүн районун “Максат” балдардын реабилитациондук борборунда даарыланган балдарды 1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнү” менен  КР ӨКМге караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун өздүк курамы тарабынан майрамдык күн уюштурулуп оюн-зоок, ар түрдүү спорттук мелдеш-жарыштар өткөрүлдү.

Иш чаранын жыйынтыгында балдарга грамота, балмуздак, пирожный жана суусундуктар берилип маанайлары көтөрүлдү.