Баткенде жер титиреди

14.11.2022
🌎БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,14-ноябрда таңкы саат 4:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле кайрадан саат 7:36да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Лейлек районунун Таш-Булак айылында 3 балл, Коммуна, Искра, Андарак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕС-БОРБОР