Жалал-Абад: Сел коркунучунан коргоо иш-чаралары колдоого алынат

17.11.2022
ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОО ИШ-ЧАРАЛАРЫ КОЛДООГО АЛЫНАТ
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.Мамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Башкармалыктын башчысы жана тиешелүү жетекчилердин коштоосунда облус аймагын кыдырып чыгып, сел, суу ташкындарынан коргоо жумуштары боюнча объекттерди көрүп чыкты. Алгач Барпы айыл өкмөтүндө болуп, аймактагы Беш-Мойнок, Атабеков айыл өкмөтүндө жайгашкан Түрк-Абад айылындагы Чангет-Сай, Ленин айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ачы жана Благовещенко айылындагы 7-босогодо болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР