12-август күнү күндүз Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

12-август күнү күндүз Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусуну өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй өрөөнүндө 32…34
Талас облусунда 26…31
Баткенде 31…36
Ош, Жалал-Абад облустарында 31…36
Ысык-Көл облусунда 24…29
Нарында 24…29
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын жогорку температурасы 32…34° жылуу болушу күтүлөт.