14 Мекендешибиздин өмүрүн алган жол кырсыгынын себеби эмнеде?

14 МЕКЕНДЕШИБИЗДИН ӨМҮРҮН АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
21-август күнү Орусиянынын Ульяновск облусунун Николаев районунда орун алган жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргызстандын жараны экени такталган. Ошондой эле 3 жердешибиз жаракат алып, жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.
Маркумдардын сөөгү 23-августта өлкө башчыбыз С. Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ульяновскиден алып келинди.
Ошондой эле 14 жарандын сөөгү ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан кичи мекенине жеткирилип, маркумдар жерге берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР