17-сентябрь, таңкы саат 8:00гө карата маалымат

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облусунан Баткен элине жардамдар келип түштү. Учурда азык-түлүк азыктары 3 фура жана КР ӨКМнен тартылган атайын эки каМАз менен жеткирилди.

Гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк, тамак аш азыктары.

Маалыматка ылайык, кыргыз -тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу  Баткен эли үчүн өлкөнүн башка облустарынан да гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

Баткенде коомдук коопсуздук тиешелүү жетекчилердин жеке көзөмөлүндө турат. Ал үчүн жеринде УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев, КР Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов жана КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен биргеликте иш алып барууда