20-26-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайына көңүл буруңуз

20-26-МАЙДА ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА КҮТҮЛГӨН АБА ЫРАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүзү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
21-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүзү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
22-майда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүзү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаап, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
24-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
25-майда түнкүсүн Ош, Жала-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
26-майда түнкүсүн Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жала-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-майда күндүз, 21-майда күндүз, 22-майда күндүз жана 23-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.