2021-2022-жыл ичинде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 213 техника алынды

Кыргызстан өзүнүн Эгемендүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу ири көлөмдөгү техникаларды алууда. Бул өлкөдө саясий башкаруунун багыты түз жолго түшүп, бийлик башында элдин камын, мамлекеттин эртеңин ойлогон күчтүү, мекенчил адистер турганынан кабар берери шексиз. Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты табигый жана техногендик кырсыктардан коргоодо, алдын алууда керектелүүчү техника менен камсыздоо соңку эки жылда колго алынды.
Мындай саамалык министрликтин күчүн жана мүмкүнчүлүгүн бир кыйла бекемдеди.
Министр Бообек Ажикеев башында турган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көз карандысыз мамлекетибиздин ээси жана байлыгы болгон элибиздин эртеңи коопсуз, кырсыктан тышкары болушуна болгон күч-аракетин жумшайт. Ошондой эле мындан аркы кадамдар улам жаңыланууга багыттала бермекчи.