2022-жылдын 18-сентябры саат:9:00гө карата маалымат

2022-ЖЫЛДЫН 18-СЕНТЯБРЫ СААТ 9:00гө КАРАТА МААЛЫМАТ
Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга жайгаштырылган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гумжардам жеткирилип, мындан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гумжардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. Алар Ош облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт ачылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР