23-март – бүткүл дүйнөлүк метеорология күнү

Метеоролог – кыска мөөнөттүн ичинде атмосферанын касиеттерин жана кубулуштарын изилдейт. Абанын басымы, нымдуулугу, шамалдын ылдамдыгы, жер кыртышынын нымдуулгуна байкоо жүргүзүп, жыйынтыкты синоптиктерге жиберет.
Синоптиктер метеорологдун берген маалыматына таянуу менен аба ырайынын болжолдуу жыйынтыгын чыгарат.
Кыргызстанда 300гө жакын айлана-чөйрөнү байкоочу тармактар метеостанция бар.
Алардын айрымдары автоматтык негизде иштейт. Ал эми метеоролог кесибинин ээси математикалык формулалар менен иштегендиктен, тактыкты жана сабырдуулукту талап кылат.
Бүгүнкү күндө Гидрометеорология кызматынын аба ырайына карата берген болжолдуу маалыматынын тактыгы 3-4 күнгө 90%ды, 4-6 күнгө 85-88%ды түзөт.