23-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

23-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбошу болжолдонууда.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда 9…14…;
Ысык-Көл облусунда 7…12…;
Талас облусунда 13…15…;
Нарын облусунда 5…7…;
Ош облусунда 14…16;
Жалал-Абад облусунда 11…16…;
Баткен облусунда 14…16 градус болот.
23-ноябрда Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы 9… 11… болот.