253 500 м3 кар көчкүсү атып түшүрүлдү
253 500 м3 КАР КӨЧКҮСҮ АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ
20- февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүп жаткан ӨКМдин ыкчам тобу жана КМдин артиллериялык эсеби саат 12:15тен саат 12:25ке чейин 227-чакырымында Үч-Чаты тилкеси жалпы 4 даана снаряд атышып, баары жарылып, натыйжада 217500м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган эмес.
Ал эми саат 13:40тан саат 14:20га чейин 223-чакырымындагы Шаркыратма тилкесинде жалпы 14 даана снаряд атышып, баары жарылып, натыйжада 36000 м3 кар көчкү түшүрүлүп, жолго жеткен эмес.
Учурда жалпысынан 253 500 м3 кар көчкүсү түшүрүлгөн . Кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иш-чаралары Бишкек – Ош унаа жолунун 222-чакырымында улантылмакчы.





