26-майга карата өлкөбүздөгү аба-ырайына көңүл буруңуздар

26-МАЙГА КАРАТА ӨЛКӨБҮЗДӨГҮ АБА-ЫРАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда: 2023-жылдын 26-майында Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-5 метрге жетиши күтүлөт.