3-кабаттан кулап кеткен жаран куткарылды
️Бүгүн Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткендигин кабарлашкан. Окуя тууралуу маалымат түшөр замат, куткаруу иштерине №62 ӨККБнөн 1 бөлүм тартылган.
Куткаруучулар барган учурда 1962-жылы туулган Р.А.Р. мас абалында 3-кабаттагы балкондон 1-кабаттагы подъезддин козерогуна түшүп кетип, оң буту сынган.
Куткаруучулар жаракат алган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.