4200дөн ашуун турак жайда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

🟢Ала-Бука, Сузак райондук жана Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад  шаардык ӨКБнүн өздүк курамы социалдык объектилерде, турак жай секторлорунда, соода-сатык жайларында болуп, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда.

☝️Турак үйлөрдү кыдырууда мешти орнотуу жана пайдалануу эрежелерине кароо жүргүзүлүп, кетирилген кемчиликтерди оңдоо жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жагы эскертилди.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери облус аймагында  4200дөн ашуун турак үйгө, 600гө жакын социалдык мекемелерге өрт коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.