5-октябрь-Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата министр Бообек Ажикеевдин куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Кыргызстанда калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүү жана өлкөнүн жигердүүлүгүн арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы буйругу менен «5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү”, – деп жарыяланган.
Бул күндү белгилөөнүн эң башкы максаты – табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу, калктын коргоно билүү билимин жогорулатуу, Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын дайыма күжүрмөн, жогорку деңгээлде кармап туруу болуп саналат.
Аталган багытта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук, шаардык, райондук башкармалык, бөлүмдөрү тарабынан өлкөбүздүн аймактарында Жарандык коргонуу күнү өткөрүлүп келет. Демек, бул күндүн маани-маңызын жалпы коомчулукка сиңирүү, түшүндүрүү башкы мааниге ээ.
Сиздердин ар бириңиздердин аракетиңердин натыйжасы менен сактап калган ар бир өмүр баарынан кымбат.
Өзүңүздөр жакшы билгендей адам өмүрү – баарынан бийик. Андыктан кырсыктардан коргоно билүү – ар бирибиздин колубузда!