5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата атайын машыгуулар өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасында “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Москва райондук ӨК бөлүмү, Москва районунун Беловодск айылындагы К.Сыйданов атындагы орто мектебинин окуучуларына өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
– окуучуларга табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өтүлдү;
– өрт-өчүрүүчү автоунаа жана куткаруу шаймандарын окуучуларга тааныштыруу, көргөзмө уюштурулду.
Машыгууга жалпы 200 окуучу, 12 мугалим, ӨК бөлүмүнөн 7 кызматкер катышты.