5-Октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган 1 айлык жыйынтыкталды
Кыргызстанда “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы аянтта өттү.
Жыйынтыкталуучу иш-чарада ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана куткаруу кызматынын курамы, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтары катышты.
Иш-чаранын алкагында параддык жүрүш өтүп, өзгөчө кырдаал учурунда ЖК кызматтарынын иш-аракети көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, буга чейин мектеп окуучулар арасында жарыяланган сүрөт конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду ээлегендерге баалуу сыйлыктар тапшырылды.