51 жаштагы жаранды издөөгө Ала-Арча суу сактагычына кошумча 5 куткаруучу тартылды
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына 24-август күнү 1971-ж.т. И.У.К. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантууга Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу, Кошумча Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, жалпы 11 куткаруучу тартылды.
Учурда Ала-Арча суу сактагычынан агып чыккан каналдын башында суунун агымы токтотулуп, сууну сордуруу мн издөө иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет