56 жаштагы жаран дайынсыз болуп, издөө иштери жүрүүдө
24-февраль күнү Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну 56-жаштагы Э.Т. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
28-февраль күнү жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүүнү КР ӨКМне туугандары арызы менен кайрылган.
1-март күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 киши жана ИИМден 4 кызматкер тартылып, издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн издөө иштери уланууда.