75 куткаруучунун күчү менен 19 турак үй тазаланып бүткөрүлдү

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө да өздүк курам үзгүлтүксүз иш алып барууда.
Натыйжада Арка айылында 19 турак үй тазаланып, учурда 75 куткаруучу менен биргеликте ӨКМнин 8 техникасы жана жергиликтүү бийлик тарабынан 3 техника иштеп жатат.