Министр Бообек Ажикеев 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди

18-июль күнү КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2022-жылдын 6 ай ичиндеги аткарылган иштер тууралуу Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө маалымат берди.
Өз кезегинде министр жарым жылда катталган кырсыктардын саны жана келтирилген чыгымдардын пайыздык көрсөткүчүн, сакталган материлдык баалуулуктар, эң башкысы куткаруучулар тарабынан сакталган адам өмүрү маанилүү жана биринчи орунда экенинин баса белгилеп өттү.
Ошондой эле быйыл нөшөрлөп жааган жаандан улам, өлкөбүздүн түштүк аймагы жана башка облустарында да сел жүргөнүн, кар көчкү түшүп адам өмүрүнүн кыйылышы менен аяктагыны өкүндүрө турганына токтолду. Буга карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүндөй республика боюнча жарандардын коопсуздугуна кам көрүп, түшүндүрүү иштери, атайы машыгуулар өтүп жатканын айтты. Айрыкча жарандарды табигый кырсыктардан өз мүлкүн, турак-жайын камсыздандырып, жаз алды менен арыктарды тазалап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн чоң каналдардын, дарыялардын жээктерин бекемеп турууга чакырды.
Азыркы тапта туристик сезон болуп жаткандыктан, тоо жана көлдө жарандардын коопсуздугун сактоо, камсыз кылуу жаатында министрликтин адистери практикалык негизде көрсөтүп, нускамаларды таратууда.
Азык -түлүк коопсуздугуна токтолсок, учурда республиканын аймагында азык-түлүккө жана башка товардык-материалдык баалуулуктарга болгон баалардын көтөрүлүүсүнө байланыштуу, өткөн жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 2 млрд сом бөлүнгөн болсо, бул жылы жүгүртүү каражаттары 8 млрд сомго чейин жеткирилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча социалдык жактан аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, 2022-жылдын 6 айында 1 000 тонна кант,
500 миң литр өсүмдүк майы жана 8 миң 947 тонна 1-сорттогу ун таратылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.
и ещё 5
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
105
Комментарии: 8
Поделились: 36
Нравится

 

Комментировать
Поделиться