8 күндүк аба ырайына көңүл буруңуз
8 КҮНДҮК АБА ЫРАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын өлкө аймагы боюнча болжолдуу аба ырайын сунуштайбыз.
1-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарында жана Нарын, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 5…10°, Талас облусунун өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 5…10°, Ысык-Көл ойдуңунда 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5°, тоолуу райондордо -4…-9°, Суусамыр өрөөнүндө -6…-11° суук болушу күтүлөт. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.
Ошондой эле 2-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
Ал эми 3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
4-февралда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
5-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 6-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жааса, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
7-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан чачын күтүлбөйт.
8-февралда айрым жерлерде кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.