81 жаштагы жаран үйдүн ичинде жыгылып, камалып калган
БИШКЕК: 81 ЖАШТАГЫ ЖАРАН ҮЙДҮН ИЧИНДЕ ЖЫГЫЛЫП, КАМАЛЫП КАЛГАН

Окуя 13-февраль күнү, Свердлов районунун Разин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде орун алган.

Жерине Куткаруу кызматынын 5 куткаруучу тартылып, батирдин эшигин ачкан учурда ичинен 1941-жылы туулган Г.Р. аттуу аял киши жыгылып, өз алдынча тура албай жатканына күбө болушкан.
Куткаруучулар дароо жабыркаган аялга жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен