9-МАЙ – УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 77 ЖЫЛ

Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү иретинде “Өлбөс полк” жүрүшү өттү.
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында эл аралык “Өлбөс полк” жүрүшү бир нече жылдан бери белгиленип келет.
Жеңиш күнүнө арналган улуу жүрүшкө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлери да катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерип, келечек муундарга тарыхый окуяны тарбия иретинде калтыруу.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмоновду куттуктап, кабар алды.
Кезинде ардагер Беларусь жана Украина фронтунун 11-аткычтар полкунда кызмат өтөп,1944-жылы Варшаваны, Венгрияны, Польшаны, Праганы немецтик баскынчылардан бошотууга катышкан.
Ушул эле күнү согуштун ардагери Сагит Сабитовду да куттуктап, белек берип кайтты. Ардагер Борбордук фронттун, Украина фронтунун жана Япония согушунун катышуучусу. Ардагерлер согуштан кийин өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошушкан.