А.Мамбетов: “Татыктуу кадрлар өлкөгө жаңы бурулуш жасай алат”

А. МАМБЕТОВ: “ТАТЫКТУУ КАДРЛАР ӨЛКӨГӨ ЖАҢЫ БУРУЛУШ ЖАСАЙ АЛАТ”
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов УТРКнын Биринчи радиосунда түз эфирде маек берди.
Уктуруунун жүрүшүндө ӨКМге Кытай Эл Республикасынан келген 100 унааны максаттуу пайдалануу, бөлүштүрүү боюнча маалымат берип, ошондой эле министрликтин алдыга коюлган милдет, максаттарын ишке ашырууда жигердүү иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.
Бул багытта адистердин кесиптик тажрыйбаларын эл аралык талаптарга ылайык жогорку деңгээлде даярдоодо алгылыктуу жана натыйжалуу иштер жасалып жаткандыгын айтты. Себеби, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда бир гана күчтүү, билимдүү адистер иш алып баруусу маанилүү деди.