Абдибаитов Мелис Илиязович Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы болуп дайындалды
Абдибаитов Мелис Илиязович 1992-жылдын 4-августунда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылында туулган.
- Билими:
- 1999-2010 -ж.ж. Баткен районунун Чоң-Талаа орто мектебин аяктаган.
- 2007-2009-ж.ж. Ош шаарындагы У. Салиева атындагы №28 мектеп лицей – интернатында билим алган.
- 2012-2017-ж.ж.Кыргыз Түрк Манас университетинин коммуникация факултетинин “Радио, Теле жана Киноискусство” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2013-ж. – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясы.
- 2013-2016-ж.ж. – “Со” Медиакомпаниясында долбоор менеджери;
- 2016-2018-ж.ж. – “БизЭксперт” аналитикалык борборунда медиа-специалист;
- 2018-2021-ж.ж. – “IMAGO media” медиясында арт-директор;
- 2021-ж. – “Манас” эл аралык аэропортунда бренд-менеджер;
- 2022-жылдын 17-январынан тарта КР Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы болуп дайындалды.
Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.