Ачык эшик күнү

Жумгал райондук №43 өрткө каршы куткаруу бөлүмү Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин 1 классынын окуучуларына экскурсия уюштуруп, өрт өчүрүүчү жана авариялык куткаруу унаалар жана атайын шаймандар менен тааныштыруу иштерин жүргүздү. Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөр арасында  өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу, ошондой эле өрт жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү.