Адигине көлүндө “ЭДЕЛЬВЕЙС” тобу машыгышты

Өткөн апта соңунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун 10 куткаруучудан турган тобу тоо башында теориялык билимин тажрыйба жүзүндө айкалыштырды.
Алар “Бийик тоолуу көлдөрдүн абалын изилдөө иштерин жүргүзүү” иш-чарасынын алкагында Аламүдүн районуна караштуу “Адигине” көлүнүн деңгээлин көрүп, сифондук ыкма менен агызып төмөндөтүү үчүн орнутулган жабдыктарды ишке киргизишти.
Ошондой эле 2022-жылы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жаңы түзүлгөн “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошууну кыш мезгилинде тоодон жылып-жүрүү жана кар көчкүдөн издеп-куткаруу иштери боюнча практикалык машыгуудан өткөрүлдү.