Ага Хан фонду менен эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстандагы Ага Хан уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлү Баркат Фазалды, Ага Хан Фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн директору Давлетсултон Доргабекованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ага Хан Өнүктүрүү Уюму (АКДН) Агенттиктеринин өкүлү катары Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду Нарын шаарынын туруктуулук (NURP) программасынын алкагында министрликтин Нарын облусундагы башкармалыгынын мекемесин куруу, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда керектүү техникалар, компьютерлер менен жабдуу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү тарабынан Нарын облусун өнүктүрүүнүн алкагында мнистрликтин облустагы башкармалыкты компьютердик жана техникалык жактан жабдуу, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү, калкты кесепеттерди жоюга үйрөтүү меморандумуна кол коюлду.

Буга байланыштуу министр Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташуусун мындан ары да өнүктүрүүгө жол ачып бергендиги, Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын коркунучун азайтууга багытталган демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, өнүктүрүү программасы Нарын шаарынын инфраструктуралык инвестицияларынын табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга жана анын натыйжасында туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн шаардын базасын чыңдоого багытталган. Бул программанын алкагында ӨКМ менен түзүлгөн өнөктөштүк меморандуму 4 жылга созулмакчы.