Айдоочу рулду башкара албай ЧЧКга түшүп кетти

31-октябрь күнү саат 23:50дө ӨКМге Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында Чоң Чүй каналына Фольксваген пассат үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай сууга түшүп кетти деген чалуу түшкөн.

Куткаруучулар унааны сүйрөтүп суудан чыгарышкан.

 

Унаада эки адам болгон, жабыркаган эмес.

Куткаруу жумушуна 4 куткаруучу тартылды.