Айдоочу рулга ээ боло албай тосмону сүздү

Бүгүн 23-декабрь күнү саат 02:58де Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кувакы ашуусу) “Skoda Octavia” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркады (аты жөндөрү такталууда).
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.