Ак-Ордо 2 конушунда турак үй күйдү

16-декабрь күнү Сокулук районунун Ак-Ордо 2 конушунун Абылгазы көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, жалпы аянты 400 ч.м. эки кабаттуу үй толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана суу ташуучу унаа тартылды. Өрт саат 15:10до чектөөгө алынып, 17:10до толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок.