Ак-Жар мектебинде кырсыктардын тобокелдигин азайтуу машыгуусу өткөрүлдү

Жыл башында ӨКМде белгиленген “Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча иш чаралар” планынын алкагында Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы орто мектепте өрт тактикалык жана башка кырсыктар чыккан учурда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча практикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга окуучулар жана мугалимдер катышып, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы нускамаларды көрсөтүштү.
Аларга өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу, өрт кырсыгы катталганда эвакуация жүргүзүү жолдору жана ар түрдүү табигый кырсыктар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Куткаруучулар өткөргөн машыгуу окуучулардын кызыгуусун туудуруп, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты.