Акчалай жардам көрсөтүлдү

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад шаардык ӨКБнүн кызматкерлери  “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасында” эмгектенген жарандардан кабар алды.

Коомдун аярлуу катмарындагы жарандарга өздүк курам акчалай жардам көрсөтүп, ар дайым жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек облус аймагында 47 миңден ашуун майыптыгы бар жарандар катталган. Облустук башкармалык тарабынан жыл сайын аталган жарандарга жардам колу сунулуп келет.