АКШдан келген гуманитардык жүк жүздөгөн баткендиктерге пайдасын тийгизет
Жүздөгөн баткендиктер Америка Кошмо Штаттарынын аймактагы жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтүү иш-аракеттеринин алкагында жашоого өтө керектүү буюмдарды алышат.
Мындай жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын аркасында берилет.
23-ноябрда эки тараптуу тыгыз кызматташтыктын алкагында АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсин координациялоонун натыйжасында, ага керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бул жардам Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктардын гуманитардык муктаждыктарын колдоо үчүн маанилүү деп табылды. Жакынкы күндөрү ӨКМ жабыркагандарга жардам иретинде бөлүштүрөт.
Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.

