АКШнын куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткенде
Делегацияны КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник У.М.Шамырканов баштаган жетекчилик курам тосуп алды. Эки тараптуу жолугушууда министрликтин Баткен облусунда аткарып жаткан жумуштары, ӨКМ куткаруучулары тарабынан жергиликтүү элди эвакуациялоо, гумжардамдарды жеткирүү, тажик агрессиясынан өрттөлүп, тонолгон объектилерди тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Андан соң америкалык делегация өкүлдөрү менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сөз болду. Министрликтин карамагындагы техникалык каражаттар, куткаруу шаймандары менен таанышып, жолугушуу учурунда делегация өкүлдөрү куткаруучулар менен баарлашып, алардын баатырдыгын, гумандуу куткаруучу кесипти тандап алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.