Ала-Арча соода борборунда өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү

Бүгүн КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы “Ала-Арча” соода борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.
Машыгуунун жүрүшүндө ири өрт катталган учурда ыкчам иш-чаралар иштелип чыкты.
Ошондой эле “Ала-Арча” соода борборунун кызматкерлерине, соодагерлерге, кардарларга кырсыктардын алдын алуу жана жоюу тууралуу түшүндүрүштү.
Машыгуунун планына ылайык, кыска туташуунун кесепетинен имараттын 2-кабатында өрт чыгып, коюу түтүн каптаган жана имаратта бир адам калып калган. Имараттан адамдарды эвакуациялоо иштери жүргүзүлүп, өрт бир нече мүнөттүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан тез арада өчүрүлгөн.
Бул иш-чарага 4 бирдик өрт өчүрүү техникасы, авто шаты, куткаруу кызматы, ошондой эле авариялык-куткаруу унаасы тартылган.