Ала-Арча суу сактагычынан издөөгө алынган 51 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү саат 12:42де “Ала-Арча” суу сактагычынан изделип жаткан 51 жаштагы У.И. аттуу жарандын жансыз денеси ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылды. Каза тапкан жарандын сөөгү суунун ичинен чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 24-август күнү 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык Куткаруучулары тартылып, издөө иши жүргүзүлдү.