Ар бир мекендешибиздин кайрылуусу көңүл сыртында калбайт
Бүгүн Элдик Курултайдын алкагында республиканын айыл, облус, шаарларынан келген делегаттар министрликтерге кайрылып, жеринде көйгөйлүү маселелерин чечип алууга шарт түзүлдү.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 100дөн ашык жаран кайрылды. Делегаттарды министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов кабыл алуу менен аймактардан келген мекендештерибиздин орунттуу маселелерин угуп, тез арада чечүү боюнча иш алып барылары айтылды.
Бүтүндөй республиканын аймактарынан, атүгүл чет жерде жүргөн мекендештерибизден өйдө катышып жаткан Элдик Курултайга келген делегаттар министрликке өлкө аймагында орун алып жаткан табигый кырсыктардын алдын алуу, сел жүрүү кооптуулугу бар жерлерди убагында аныктап, тосмолорду куруу, бекемдөө, арыктарды тазалоо иштери, унаа жолдордо өрт өчүрүү бөлүмдөрүн жана куткаруучулардан турган мобилдик топторду кошумча түзүү боюнча сунуш кайрылууларын кат түрүндө калтырышты.
Ошондой эле алардын арасында министрликтин алгылыктуу аткарып жаткан иштерине ыраазычылык да билдиргендер аз эмес.
Делегаттарды кабыл алуу эки бөлүктөн туруп, биринчисинде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов, ал эми экинчи бөлүктө министрдин орун басары Эделбек Кулматов кабыл алды.
Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн арыз, кайрылуулар боюнча тиешелүү комиссия иштеп чыгып, тез арада чечүүгө киришет.


















