Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жарандык коргонуу абалы текшерилүүдө

АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ – КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНДЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
2023-жылдын 30-31-март күндөрү, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген ӨКМдин атайын комиссиясы, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде – Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу абалын текшерүү жана баалоо, тынчтык мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда иш алып барууга даярдыгы текшерилет.
Иш мерчемине ылайык, бүгүн аталган агенттиктин борбордук аппаратынан Өзгөчө кырдаалдарга даярдыктары, Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук-ченемдик актылардын аткарылышын тешерүүдөн башталды.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык Планынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.