Арка айылындагы тазалоо жумуштары

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ӨКМдин атайын техникалык каражаттары менен кошо куткаруучулары тартылган. Учурда облус аймагында өздүк курам күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барууда.
Бүгүнкү күнгө карата Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылында да 75 куткаруучунун жана техникалык каражаттардын күчү менен 48 турак үй тазаланып, курулуш таштандылары чыгарылууда.