Аскерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

КР ӨКМнин түзүмдүк, аймактык жана мекемеге караштуу бөлүктөрүндөгү аскер кызматчыларын аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, 2022-жылдын 16-июнунда КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана Токмок шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана эркин жалданган кызматчылары аттестациядан өтүштү.

Тактап айтканда, аскер кызматкерлеринин жана өрт-куткаруу бөлүктөрүндөгү эркин жалданган кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин текшерүү, квалификациялык тажрыйбасына баа берүү жана кадрлар резервине аныктоо максатында, аттестация тапшырбаган, кызматка жаңы чакыртылып дайындалган жана биринчи офицердик наам алуу үчүн аттестация өткөрүлүүдө.

Алар ээлеген кызмат орду боюнча тестирлөө, өрткө каршы жана тактикалык-атайын даярдык боюнча көнүгүүлөр, физикалык көнүгүүлөр, аскер кызматчылары үчүн жалпы аскердик уставдардынын талаптарын тапшырышты.