Асма жолдордогу эс алуучуларга кооптуу абал жаралган жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу, тоо-лыжа базаларындагы асма жолдордо калып калган эс алуучулар автономдук генераторлордун жардамы менен толук куткарылды.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.