Ат-Башы районунда чөп өрттөндү

15-декабрь күнү саат 21:47де Ат-Башы райондук ӨКБнө Калинин айылынын Эшмамбет көчөсүндө чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн короосунда 350 түк чөп күйгөн.
Өрт саат 22:28де чектөөгө алынып, 01:35те толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.