Ат-Башы районунда жөө жүрүш өткөрүлдү

Бүгүн 5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Нарын облусунун Ат-Башы районунда болуп өттү.
Иш-чаранын Жарандык коргонуу кызматтары жөө жүрүш уюштурушту. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, аны болтурбоо, өзгөчө кырдаал жаралганда куткаруу жана өрт өчүрүү тууралуу жеткинчектерге көрсөтүлдү.
Сценарийге ылайык, өзгөчө кырдаал жаралганда Жарандык коргонуу кызматтары эмне жардам көсөтөөрүн түшүндүрүп, жол кырсыгы катталганда алгачкы жардам берүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Иш-чара көркөм чыгармачылык программасы менен коштолуп, атайын жарыяланган сынактардын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.