Ата-Мекенге ант берүү аземи

Ата-Мекенди коргоо ар бир жарандын милдети. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде демекчи, ар бир эр-азамат аскердик милдетин аткарып, өлкөнүн коопсуздугу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт.

КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда да мекен алдында ак кызматын өтөө үчүн келген аскерлерди кабыл алып, аскердик түзүмдү жана куткаруу иштерин теориялык жактан жана иш-жүзүндө аткарууну үйрөтөт.

Бүгүн КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жаш жоокерлердин Ата-Мекенине ант берүү аземи болуп өттү. Бул иш-чарага жоокерлердин ата-энелери, туугандары жана ардагерлер катышты.

КДМБда жоокерлер жыл бою атайын тактикалык, саптык даярдыктан өтүп, андан сырткары куткаруучу билиши зарыл болгон алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, тоодон, суудан куткаруу, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркагандарды куткаруу ыкмаларын толук өздөштүрүшөт.