Ата Мекеним үчүн ант берем! Антыңды бекем карма жоокер!

АТА МЕКЕНИМ ҮЧҮН АНТ БЕРЕМ!
АНТЫҢДЫ БЕКЕМ КАРМА ЖООКЕР!
Бүгүн, 26-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун №86123 аскердик бөлүгүнө күзгү чакырык менен кабыл алынган аскерлердин ант берүү салтанаты өттү.
Салтанатка министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов катышып, бир айга жакын аскердик даярдыктан өткөн жоокерлердин ант берүүсүн кабыл алды. Ошондой эле «Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети» жетекчиси Уулкан Байгубатова жана жаш куткаруучу жоокерлердин ата-энелери, туугандары да бул салтанатка катышышты. Ант берүү расмийи аяктаган соң полковник Урматбек Шамырканов борбордун тарыхына токтолуп, учурда аскердик мекеме кандай иш алып барарын баса белгиледи.
“Ата Мекенге ант берүү, аны коргоо ар бир жарандын милдети. Бүгүн берген антыңарды бекем сактагыла жоокерлер! Ар бир эр-азамат аскердик милдетин аткарып, өлкөнүн, элдин коопсуздугу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордо мекен алдында ак кызматын өтөө үчүн келген жоокерлер саптык даярдыктан өтүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, тоодон, суудан куткаруу, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркагандарды куткаруу ыкмаларын толук өздөштүрүшөт”, – деген министр жоокерлер кошумча кесипке ээ болушаарын айтып өттү.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин демилгеси менен жоокерлерге англис тилин окутуу жана буга кошумча, ширетүүчү, айдоочу, ашпозчу, электрик, газэлектр ширетүүчүсү кесиптерин окутуу мерчемделген. ӨКМде кызмат өтөгөн ар бир жоокер жыл ичинде куткаруучулуктан сырткары тандаган багытына жараша, жогоруда аталган кесиптерди окуп, билимин тастыктаган документтерге ээ болушат. Тактап айтканда, жоокерлер турмушка эң керектүү болгон кесип алып кайтышаарын баса белгиледи. Мындан сырткары министрлик куткаруучу кесибин чет өлкөлөрдө да окутаарына кененирээк токтолду.
Ант берүүнүн расмий бөлүгү аяктаган соң, полковник Урматбек Шамырканов ата-энелер менен бирдикте жоокерлердин жатаканасын, ашканасын көрүп чыгып, аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.